07 февраль 2025
Кароолор: (105)
ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ СПОРТТУК ИШ-ЧАРАДА КҮЧ СЫНАШТЫ

6-февралда Советтик армиянын Ооган жергесинин чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына карата Ооган согушунун ардагерлеринин спорттык иш-чарасы болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев жана ардагерлер катышты.
Ооган согушунун ардагерлери спорттун волейбол, шахмат жана стол тенниси боюнча күч сынашты. Мелдештин соңунда алдынкы орунду алган командалар акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, Ооган согушуна Кыргызстандан 6миңден ашуун жоокер барган болсо, алардын 105и Жалал-Абад шаарынан барган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз