15 февраль 2024
Кароолор: (50)
ООГАН СОГУШУНДА КУРМАН БОЛГОНДОР ЭСКЕРИЛДИ

Бүгүн, 15-февралда Жалал-Абад шаарында Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдыгы белгиленди.
“Жеңиш” эс алуу багында өткөн иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ооган согушунун ардагерлери жана каза болгондордун жакындары катышты.
Эскерүү иш-чарасында каза болгон аскерлерге арналган эстеликке гүл коюлуп, курман болгондорго куран окулду.
Эскерте кетсек, Ооган согушуна 620 миң советтик аскер катышкан болсо, алардын ичинен 105 жоокер Жалал-Абад шаарынан барган. Алардын арасынан 17 жоокер курман болгон. Учурда калаада 70тен ашык ооган согушунун катышуучусу бар. Аларга мамлекет жана жергиликтүү бийлик тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп келет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз