24 февраль 2025

Кароолор: (110)

“ӨМҮР БИЗДЕН ӨТҮП КЕТСЕ, ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН” АТАЛЫШЫНДАГЫ ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

 Жалал-Абад шаарында облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” аталышындагы иш-чара болуп өттү.

Ага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов, Жалал-Абад шаардык ишки иштер бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Айтимбетов, шаардагы мектептерден 900дөй окуучу жана мугалимдер катышты.

Иш-чарада Баткен окуясында каза болгондор эскерилип, куран окулду. Андан соң 23-февраль - Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын атайын багыттагы полку тарабынан даярдалган күжүрмөн даярдыктар көрсөтүлдү. Мындан сырткары, Мектеп окуучулары арасында автомат калашников-74 үлгүсүндөгү автоматты чачып-жыйноо боюнча мектеп окуучулары арасында сынак уюштурулду.

 Иш-чаранын максаты - балдардын патриоттук сезимин, мекенге болгон сүйүүсүн күчөтүү, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана мектеп рекетчилигинин, аптекалык наркоманиянын алдын алуу болуп саналат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз