20 февраль 2023
Кароолор: (221)
Окуучулар арасында “Жоокер ыры” аталышында кароо-сынак өттү
Бүгүн, 17-февралда Жалал-Абад шаарындагы №2 Кадыр Закиров атындагы мектепте “Жоокер ыры" аталышында кароо-сынак өткөрүлдү. Иш-чарага шаардык бириккен аскер комиссариатынын, шаардык билим берүү бөлүмүнүн адистери, мугалимдер жана окуучулар катышты. Кароо-сынакка шаардагы мектептерден 14 жаштан 18 жашка чейинки 57 окуучу катышты. Анда окуучулар согуш жөнүндө көркөм окуу жана патриоттук ырдоо аркылуу тайшмашышты. Аталган сынактын жеңүүчүлөрү облустук сынакка жолдомо алат. Ал эми облустук турдан жеңген окуучулар 24-мартта республикалык “Жоокер ыры” кароо-сынагына катышат.
Белгилей кетсек, аталган кароо-сынак “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу, жаштарды патриоттулукка, мекенди коргоо үндөө жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатын уюштурулган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз