17 февраль 2025

Кароолор: (91)

ОГАН СОГУШУНДА КУРМАН БОЛГОНДОР ЭСКЕРИЛДИ

 14-февралда Жалал-Абад шаарындагы "Жеңиш" эс алуу багында Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 36 жылдыгы белгиленди.

 Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков мекеме-ишканалардын жетекчилери, Ооган согушунун ардагерлери жана Ооган согушунда курман болгондордун жакындары катышты.

 Алгач, курман болгон аскерлерге арналып тургузулган эстеликке гүл коюлуп, куран окулду.

 Эскерүү иш-чарасынын экинчи бөлүгү Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында улантылып, келген конокторго концерттик программа жан согуш учурун чагылдырган спектакль коюлуп, бир катар ардагерлер мэриянын Ардак грамотасы менен сыйланды.

 Эскерте кетсек, Ооган согушуна 620 миң советтик аскер катышкан болсо, алардын ичинен 138 жоокер Жалал-Абад шаарынан барган.

 Учурда калаада 117 Ооган согушунун ардагери бар. Аларга мамлекет жана жергиликтүү бийлик тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп келет.

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз