22 август 2023

Кароолор: (54)

НАЗАРОВ КӨЧӨСҮНӨ АСФАЛЬТ ТӨШӨЛҮП ЖАТАТ

Жалал-Абад шаарындагы Калил Назаров көчөсүнө темир-бетон арык куурлары жаткырылып, асфальт төшөө иши башталды. Анын узундугу 450 метрди түзөт. Аталган көчө 9 метрден 19 метрге кеңейтилип, 6 катар унаа жүргөнгө шарт түзүлүп жатат.

 Жолду кеңейтип, жаңыдан асфальт төшөөдөн сырткары, жолдун бир тарабына веложолу менен кеңдиги 3,5 метрди түзгөн тротуар, экинчи тарабына кеңдиги 2 метрди түзгөн тротуар курулат. Ошондой эле, жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иши жүргүзүлөт.

 Калил Назаров көчөсүн реконструкциялоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.

 Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарына жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Мындан сырткары шаардан “Жалал-Абад” санаториясына чейин веложол курулат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз