12 сентябрь 2023

Кароолор: (5)

Мыйзамсыз курулуштарды кургандарга жеринде акт түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат

 11- сентябрда Жалал-Абад-шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев баштаган комиссиялык топ Спутник аймактык башкармалыгына караштуу Промзона участогуна барды. Анда өндүрүш зонасына жана кооптуу делген аймактарга үй салып жаткан жарандарга жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, буга чейин бир нече жол эскертүү берилгенине карабай курулушту улантып жаткандарга жеринде акты түзүлүп, тиешелүү органдарга жөнөтүлөөрү эскертилди.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларынын алдын алуу жана болтурбоо” жөнүндөгү №109 жарлыгы чыккан. Аталган жарлыкты ишке ашыруу максатында атайын комиисиялык топ мыйзамсыз курулуштарды токтотуу боюнча иш алып барууда.

 Алдыда мындай текшерүүлөр улантылат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз