18 февраль 2025
Кароолор: (87)
МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТАРДЫ БУЗДУРУУ УЛАНЫП ЖАТАТ

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы тарабынан Жуматаев көчөсүнө мыйзамсыз курулган тандыр буздурулуп, курулуш жүргүзгөн тарапка айып пул салынды.
Мындан сырткары, Горький көчөсүндө муниципалдык жерге мыйзамсыз тосмо орнотуп алган 5 үйдүн тосмолору жана муниципалдык жерге мыйзамсыз курулган "Асадбек" чайканасынын күркөсү буздурулду.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз