12 март 2024
Кароолор: (64)
Мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы №56 Жарлыгына ылайык, Муниципалдык менчик башкармалыгынын адистери тарабынан Жалал-Абад шаарынын Д.Малашов көчөсүнүн жээгинен ижара шартында пайдаланууга берилген муниципалдык жер тилкелердеги курулуштарды бузуу боюнча 15 ижарачыга эскертүүлөр берилип, 6 ижарачынын курулушун буздуруу жумуштары жүрүп жатат.
Муниципалдык менчик башкармалыгы,
Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жеке менчик жер ээлерине, жеке менчик жер тилкелеринен сырткары жер тилкелерди уруксатсыз ээлеп алууну токтотууну жана өз билемдик менен уруксатсыз курулуштарды курбоону, эгерде уруксатсыз ээлеп алган жана куруп алган курулуштары бар жеке жана юридикалык жактар болгон болсо, муниципалдык жер тилкелерди өз эсебиңиздерден бошотуп коюну эскертет!
Мындан ары Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан муниципалдык жер тилкелерди уруксатсыз ээлеп алуу, уруксатсыз курулуштарды куруу жана ижара шартында берилген жер тилкелердин максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө боюнча тынымсыз рейддер жүргүзүлөт.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз