02 август 2023
Кароолор: (66)
Мурзакул Болуш көчөсүнө тротуар курулуп жатат

Жалал-Абад шаарындагы Мурзакул Болуш көчөсүнө узундугу 3385 метр, туурасы 2,25 метр болгон жөө адамдар жүрүүчү жол курулууда.
Аталган көчөгө темир-бетон арык куурларын жаткыруу, жарыктандыруу иши да жүргүзүлөт. Ошондой эле, жол четине аялдамалар орнотулат.
Курулуш 2023-жылдын октябрь айында бүткөрүлмөкчү.
Аталган курулуш Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сом акча каражатынын эсебинен каржыланууда.
Белгилей кетсек, Мурзакул Болуш көчөсү шаардан "Жалал-Абад" санаториясына баруучу жалгыз жол болуп саналат.