28 апрель 2023
Кароолор: (55)
Муниципалдык жерлердин жана мүлктөрдүн ижара акысын көтөрүү боюнча өтө турган коомдук угууга чакырабыз.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы шаар аймагындагы муниципалдык жерлердин, мүлктөрдүн, айыл чарба багытындагы жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун (ФПС) жерлеринин, ошондой эле “Жеңиш”, “Токтогул”, “Нооруз” жана “Экопарк” эс алуу бактарындагы жерлерди учурдагы инфляциянын өсүшүн эске алуу менен Мунуципалдык менчик башкармалыгы ижара акыларын көтөрүүнү сунуштап жатат.
Аталган башкармалыктан билдиришкендей, ижара акыларды жогорулатуунун негизги максаты шаар казынасын көбөйтүү болуп саналат.
Коомдук угуу 2023-жылдын 4-май күнү, саат 14:00дө Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чоң залында өтөт.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз