13 март 2025

Кароолор: (52)

МУНИЦИПАЛДЫК ТАШТАНДЫЛАРДЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ЗАВОДДУ “УМАР СЕРВИС КОМПАНИ" ИШТЕТЕТ

  Мындай келишимге бүгүн, 12-март күнү,  Мамлекеттик жеке өнөктөштүк мыйзамынын негизинде Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков менен "Умар Сервис Компани" ЖЧКсынын директору Миңманас Алижан уулу кол койду.
  Келишимге ылайык, аталган ЖЧК таштандыларды сорттоочу цехти эксплуатациялоо, таштандыларды сорттоо цехинен кайра иштетилген заттардын негизинде өндүрүштүк ишкананы куруу жана башкаруу жумушун жүргүзөт.
  Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын таштанды полигонуна курулган таштандыларды  иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу завод республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражатка курулган. Ага 133 млн. сом жумшалган. Ал эми Мамлекеттик жеке өнөктөштүк мыйзамынын негизинде аталган заводду ишке киргизип, өндүрүштүк ишкана ачуунун үстүндө иш алып барып жаткан "Умар Сервис Компани" ЖЧКсы 45 млн. сом инвестиция салууда. 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз