14 июль 2023
Кароолор: (65)
Муниципалдык менчик башкармалыгы менен “Balance.kg” компаниясы эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту

Бүгүн, 14-июлда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Жолдубай Бөрүкулов , “Balance.kg” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алмашуу жүрдү. Анда санариптештирүүнүн алкагында шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүү менен “Balance.kg” тиркемеси аркылуу Муниципалдык менчик башкармалыгындагы жер тилкелердин, турак эмес жайлардын ижарасын, жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин төлөмдөрүн, жер салыгын, унаа токтоочу жайлардын төлөмдөрүн төлөөгө шарт түзүлдү. Адистер аталган мобилдүү капчыкты колдонуу менен убакыт үнөмдөп каалган учурда төлөм жүргүзүү мүмкүн экенин белгилешет.
Ошондой эле, “Balance.kg” тиркемеси аркылуу Жалал-Абад шаарындагы коммуналдык төлөмдөрдү да төлөсө боло тургандыгы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, “Balance.kg” компаниясы Кыргызстанда 5 жылдан ашуун убакыттан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Аталган тиркемени колдонуу менен төлөм жүргүзүү аркылуу бюджетке түшүүчү каражаттардын сөл чөнтөккө кетүүсүнүн алды алууга болот
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз