15 декабрь 2022

Кароолор: (220)

Муниципалдык базарда жаңы жылдык жарманке өтүп жатат

Бүгүн, 15-декабрда Жалал-Абад шаарындагы жаңы ачылган муниципалдык базарда жаңы жылдык жарманкенин ачылуу аземи өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Жарманкеге Жалал-Абад облусунун район-шаарларынан келген соодагерлер, ишкерлер азык-түлүктөрдү, тамак-аштарды, түркүн буюмдарды, жаңы жылга керектелүүчү каражаттарды коюшту. Шаар мэри Эрнисбек Ормоков жарманкеге коюлган продукциялар менен таанышып, ата мекендик өндүрүштү колдоо аркылуу элди экологиялык таза азыктар менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Жарманкеде эт, май, ун, жашылча-жемиштер сыяктуу күнүмдүк турмушта керектелүүчү азыктар арзан баада сатылып жатат.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар тургундары жана конокторуна эстрада жылдызы Данияр Эрматов баштаган өнөр ээлери тарабынан акысыз концерттик программа тартууланды. Иш-чараны уюштуруугу "Эмаком" курулуш компаниясы көмөк көрсөттү.

Белгилей кетсек, жаңы жылдык жарманке 15-декабрдан 31-декабрга чейин уланып, бир гана муниципалдык базарда уюштурулат жана шаардын башка аймактарында уюштурууга уруксат берилбейт

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз