30 март 2023
Кароолор: (50)
Муниципалдык базарда уй этинин килограммы 400 сомдон сатылып жатат

Орозого карата Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык базарда уй этинин килограммы 400 сомдон сатылып жатат. Аталган базардагы эт саткан соодагерлер арзандатуу Орозо айы бүткөнгө чейин улантылаарын билдиришти.
Белгилей кетсек, аталган базарда азык-түлүктөрдү, керектелүүчү тиричилик буюмдарды да арзан баада сатуу уланып жатат. Атап айтканда өсүмдүк майынын 5 литри 530 сом, кумшекер 75 сом, картошка 33 сом, сабиз 30 сом, пияз 45 сомдон сатылууда.
Дареги: Жалал-Абад ш. Курманбек көчөсү 8.