03 февраль 2025
Кароолор: (85)
МУНИЦИПАЛДЫК АВТОУНАА БАЗАРДЫН АЙЛАНАСЫНА УНАА ТОКТОТУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

Шаар бюджетин толтуруу жана жол тыгындарын жоюу максатында Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык автоунаа базарынын айланасына унааларды токтотууга тыюу салынды. Анткени, автоунаа базардын ичинде бош жер аянты болгондугуна карабай, жарандар сатылуучу унааларын жол четине токтотуп, базардын айланасында унаалардын тыгындары пайда болууда.
Белгилей кетсек, мындан ары мэриянын жана шаардык ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан унаа базары болгон күндөрү, тагыраагы, аптанын шаршемби жана бейшемби күндөрү рейд жүргүзүлөт.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз