21 май 2025

Кароолор: (30)

“МУГАЛИМ ЖАНА КООМ! " АТАЛЫШЫНДАГЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ФОРУМ БОЛУП ӨТТҮ

 19-май күнү, Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитети тарабынан “Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо” күнүнө карата “Мугалим жана коом” атылышындагы республикалык форум болуп өттү.

 Форумга КРнын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы Рустам Нурматов, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Маткеримов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Жаныш Раимжанов, шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шааардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү, ата-энелер катышты.

 Форумдун башында Барпы театры тарабынан “Менин мугалимим” деген аталышта спектакль тартууланды. Андан соң билим берүү тармагы боюнча докладдар жасалды.

 Иш-чаранын жүрүшүндө Гүлбарчын Таштанбекова баштаган бир катар кызматкерлер, агартуу тармагынын кызматкерлери төш белги жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз