13 декабрь 2022

Кароолор: (219)

Мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөргө рейд уланууда

Бүгүн, 12-декабрда Жалал-Абад шаарындагы соода түйүндөрүндөгү азык-түлүктөрдүн мөөнөтүн текшерген рейд улантылды. Ага Жалал-Абад шаардык мэриясынын, Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин, ӨКМдин, Жалал-Абад район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемилогоиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлеринен турган коммисиялык топ катышты.

Текшерүү учурунда бир катар супермаркеттерден мөөнөтү өткөн азык-түлүктөр аныкталып, эскертүүлөр берилди.

Адистер жогорудагы соода жайларында кайрадан мындай учур аныкталса, 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынаарын белгилешти. Алдыда мындай текшерүүлөр улантылмакчы.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз