19 декабрь 2023
Кароолор: (66)
МОНЧОЛОРГО РЕЙД ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругуна ылайык, шаардагы мончолор текшерилди. Рейдге тийиштүү мекеме-ишканалардынадистеринен турган комиссия курамы тартылып, мончолордун өрт коопсуздугу, мончолорду жылытууда тыюу салынган күйүүчү заттардын колдонулушу жана санитардык абалы текшерилди.
Кыдырууда талапка жооп бербеген мончолордун ээлерине эскертүүлөр берилип, жеринде АКТ түзүлдү.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын аймагында ондон ашуун мончо өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Алдыда мончолордун ээлерине түшүндүрүү иштери улантылмакчы.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз