28 октябрь 2024

Кароолор: (33)

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарында Таштандыларды кайра иштетүүчү заводунун ишке кириши, ошондой эле шаардын ички жолдорунун реконструкцияланышы менен таанышты

 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Сузак районунун Курук-Сай участкасында жайгашкан Жалал-Абад шаарынын таштанды төгүүчү полигонундагы “Таштандыларды кайра иштетүүчү заводду" жеринде көрүп чыкты. МинКаб Төрагасына шаар мэри Эрнисбек Ормоков заводдун ишин тааныштырып, жасалып жаткан иштер боюнча маалымат берди.

 Таштандыларды кайра иштетүүчү заводу 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен 133 млн сомго курулду.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынан чыккан таштандылар иргелип, кайра иштетилип, күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар жана курулуш материалдары өндүрүлөт. “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык таштандыларды төгүү аймагынын аянты 9 гектар. Мында курулган завод жылына 20 миң тонна таштанды кайра иштетет.

 Андан соң МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарындагы Ш.Абдраманов атындагы көчөсүн реконструкциялоо иши менен таанышты. Жолдун узундугу 2,627 чакырым, туурасы 14 метр. Реконструкциялоо иштерине асфальт төшөө, түнкү жарыктандыруу жана лотокторду орнотуу, жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолу каралган. Ондоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө, жалпы сметалык баасы 152,8 млн сом. Толук бүткөрүү иштери жыл аягына пландалган.

 Акылбек Жапаров ошондой эле, реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан З.Жамашев атындагы көчөнүн иши менен таанышты. Мындагы жолдун узуну 2,539 чакырым, туурасы 9-14 метрди түзөт.

 Реконструкциялоо иштерин жыл аягына чейин бүткөрүү пландалган, ал республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Жалпы сметалык баасы 183,5 млн сом.

 Жогорудагы объектилер менен таанышып чыккандан кийин Акылбек Жапаров мамлекеттик саясаттын багыттарынын бири аймактарды өнүктүрүүгө жана республиканын аймактарында жумуш орундарын түзүүгө багытталганын белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз