19 август 2024
Кароолор: (52)
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ БАКЫТ ТӨРӨБАЕВ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮН УКТУ

16-август күнү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушту.
Жолугушууга Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов, Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, тармактык министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.
Алгач, шаар мэри Эрнисбек Ормоков буга чейинки жолугушууда көтөрүлгөн маселелердин чечилиши боюнча маалымат берип, видео форматында 2021-жылдан ушул мезгилге чейин шаарда аткарылган орчундуу жумуштар боюнча отчет көрсөтүлдү.
Андан соң жыйын суроо-жооп иретинде улантылып, шаар тургундары тарабынан жер, таза суу, соттук-Укуктук маселелерди камтыган көйгөйлөр жана социалдык багыттагы маселелерге байланыштуу суроолор берилди. Жарандардын кайрылуусу боюнча тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү жеринде иш алып барып жатышты.
Эске салсак, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2022-жылы Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушкан. Анда 16 маселе көтөрүлүп, анын 11и чечилген. Ал эми 2 маселе учурда аткарууда болсо, калган үч маселе шаарга тиешелүү болбогондуктан аткарууга алынбаган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз