19 декабрь 2022

Кароолор: (228)

Министрлер кабинетинин 2022-2025-жылдарга адам сатууга каршы күрөшүү боюнча программасынын алкагында Жалал-Абад шаардык мэриясында кеңешме болуп өттү

   Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, аймактык комитеттердин жана "Аймира” коомдук уюмунун кызматкерлери катышты. Анда адам сатууга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу докладдар окулуп, адам сатуунун алдын алуу иштери тууралуу талкуу жүргүзүлдү.

 Жарандар миграциялык маселелер боюнча 189 кыска номерине чалуусу керек. Бул номер аркылуу адам уурдоо, кулчулукка сатуу, мамлекеттин уруксаты жок иштеген компаниялар жөнүндө маалымат берип жана керектүү маалыматтарга ээ боло алат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз