06 июль 2023

Кароолор: (63)

Михаил Бабкин көчөсүн кеңейтүү иши башталды

 Жалал-Абад шаарындагы узундугу 1 чакырымды түзгөн Михаил Бабкин көчөсү кеңейтилип жатат. Учурда аталган көчөнүн айрым жерлери араң 4-5 метр болуп, унаалардын кыймылына тоскоолдук жаралып келет. Ал эми жол кеңейгенден кийин жолдун унаалар жүрүүчү негизги бөлүгүнүн өзү эле 8 метрди түзүп, эки тарабына тротуар курулуп, темир-бетон арык куурларын жаткыруу жана жарыктандыруу иши жүргүзүлөт.

 Жолду кеңейтүүнүн алкагында бир катар үйлөрдүн курулуштары буздурулуп, жергиликтүү бийлик тарабынан менчик ээлерине компенсация төлөп берилет.

 Михаил Бабкин көчөсүн кеңейтүү Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сом акча каражатынын эсебинен каржыланат.

 Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарында жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Мындан сырткары шаардан “Жалал-Абад” санаториясына чейин веложол курулат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз