07 февраль 2025
Кароолор: (104)
М.ГОРЬКИЙ КӨЧӨСҮН КЕҢЕЙТҮҮ ИШИ БАШТАЛДЫ

Жалал-Абад шаарынын М.Горький көчөсүн реконструкциялоо иши башталды. Аталган көчөнүн унаалар жүрүүчү бөлүгү 12,5 метрге кеңейтилип, бир тарабына (экинчи тарабына буга чейин тротуар курулган) тротуар куруу, темир-бетон арык куурларын жаткыруу жумуштары жүргүзүлөт.
М.Горький көчөсүнүн узундугу 920 метрди түзөт. Аталган көчөнү реконструкциялоо иштерин жергиликтүү бюджеттин эсебинен мэриянын Жол башкармалыгы жүргүзөт.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз