03 апрель 2023
Кароолор: (75)
Мэрдин тапшырмасы менен жарнама калкандары алынып жатат

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен мэриянын Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан шаардагы жарнама калкандары алынып жатат. Аталган мекеменин Жетекчиси Жолдубай Бөрүкулов билдиргендей, марттын башында жарнама калкандарынын ээлерине бузуп кетүү боюнча 15 күндүк мөөнөт менен эскертүү берилген. Эскертүүнүн мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жарнама калкандарын аталган мекеме атайын бөлүнгөн каражат менен буздуруу ишин баштады.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 150дөй жарнама калкандарынын ээлерине эскертүүлөр берилген.
Алдыда жарнама калкандарын алуу иши улантылат