01 март 2023

Кароолор: (204)

Мэрдин тапшырмасы менен шаардагы жарнама калкандары алына баштады

 Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен шаардагы менчигинин түрүнө карабай бардык жарнама калкандары алына баштады. Мэриянын Муниципалдык менчик башкармалыгынан билдиришкендей, шаарда 150дөй жарнама калкандарынын ээлерине 15 күндүк мөөнөт менен эскертүүлөр берилди.

 Берилген мөөнөт аяктаган соң бардык жарнама калкандары аталган мекеме тарабынан алынат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз