16 февраль 2023

Кароолор: (35)

Мэрдин тапшырмасы менен парктарды иретке келтирүү уланып жатат

 Бүгүн, 15-февралда Жалал-Абад шаарындагы Токтогул атындагы эс алуу паркын иретке келтирүү жумуштары жүрдү. Мында негизинен эскилиги жеткен, парктын көркүн бузган оюн атракциондору, соода күркөлөрү алынды.

Буга чейин бир нече жолу эскертүү берилгендигине карабай, ижарачылар соода күркөлөрүн албай, жаңылабай келишкен. Шаар мэринин орун басары Элдос Таев белгилегендей, эгерде коюлган талаптар аткарылбаса, ижарачылар менен бир тараптуу келишим токтотулат.

 Белгилей кетсек, буга чейин шаардагы “Жеңиш” паркында да дал ушундай иретке келтирүү иши жүргөн болчу.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз