04 апрель 2025

Кароолор: (102)

МЭРДИН ТАПШЫРМАСЫ МЕНЕН ПАРКТАРДА РЕЙД ӨТКӨРҮЛҮП, КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕСИН САКТАБАГАН 5 АТТРАКЦИОН АЛЫНМАЙ БОЛДУ

 Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен шаар аймагындагы эс алуу парктарындагы оюн-зоок аттракциондору комиссия тарабынан текшерилди.

 Комиссиянын курамында Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Уларбек Исмаилов, шаардык кеңештин депуттары жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери кирген.

 Текшерүүнүн жыйынтыгында Токтогул жана "Жеңиш" эс алуу бактарынан 5 даана аттракцион коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы аныкталып, аларды буздуруу чечими кабыл алынды. Ал эми айрымдарына коопсуздук чараларын күчөтүү жагы милдеттендирилди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз