25 март 2025

Кароолор: (94)

МЭРДИН ТАПШЫРМАСЫ МЕНЕН "ЖЕҢИШ" ПАРКЫ ИРЕТКЕ КЕЛТИРИЛҮҮДӨ

 Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков бир нече күн мурда "Жеңиш" эс алуу багын тиешелүү жетекчилер менен кыдырып, соода күркөлөрүн, тез татым жайларын, оюн аттракциондорун иретке келтирүү, айланасын көрктөндүрүү жана заманбап шарттарды түзүү тапшырмасын берген.

 Анын негизинде мэрдин орун басары Уларбек Исмаилов ижарачыларга жыйын өткөрүп, 3 күн ичинде атракциондордун айланасын, соода күркөлөрдү иретке келтирүү, санитардык абалын жакшыртуу, актап-сырдоо, жарыктандыруу иштерин жүргүзүү боюнча эскертүү берген.

 Бүгүн, 25-март күнү аталган паркта талаптарды аткарбаган ижарачылардын соода күркөлөрү мэриянын тиешелүү мекемелери тарабынан алынып, паркты иретке келтирүү жумуштары башталды. Ошондой эле, айрым ижарачылар эскертүүнүн негизинде, өз ыктыяры менен оюн аттракциондорун, соода күркөлөрүн бузуп кетишүүдө.

 Алдыда мындай иш-аракеттер улантылат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз