07 май 2025
Кароолор: (17)
МЭРДИН ТАҢ ЭРТЕ КУРУЛУШТАРДЫ КЫДЫРУУСУ УЛАНЫП, БИР КАТАР КУРУЛУШТАРДЫ ЖЕРИНДЕ КӨРҮП ЧЫКТЫ

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тиешелүү жетекчилер менен бирге шаардагы курулуштарды жеринде көрүп, жетекчилерге жана курулушту ишке ашырып жаткан компаниялардын өкүлдөрүнө тапшырмаларды берди.
Эрнисбек Ормоков кыдыруу учурунда шаарда курулуп жаткан облустук көркөм сүрөт жатак-мектебинин курулушун, №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын курулушун, алгачкы ирет курулуп жаткан перинаталдык борбордун курулушун жана кеңейтилип жаткан Аттокур Азимканов көчөсүндөгү курулуштун жүрүшү менен жеринде таанышып, жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле, курулуштардын сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырып, белгиленген мөөнөтүндө бүткөрүү зарылдыгын белгиледи.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз