22 ноябрь 2023

Кароолор: (60)

Мэрдин эл менен жолугушуусу уланууда

21-ноябрда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Курманбек аймактык башкаруусунун жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушууга шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, жашоочулар тарабынан бир катар көйгөйлү маселелер айтылды. Шаар мэри элдин суроолоруна жооп берип, тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди. Ошондой эле, 2024-жылдын бюджетинен жасала турган жумуштар боюнча сунуштарды укту.

 Белгилей кетсек, мэрдин эл менен жолугушуусу алдыда Спутник, Достук жана Ч.Айтматов аймактык башкарууларында өткөрүлөт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз