14 март 2024
Кароолор: (54)
МЭРДИН ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ СПУТНИК АЙМАКТЫК БАШКАРУУСУНДА УЛАНДЫ

13-март күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Спутник аймактык башкаруусунун жашоочулары менен жолугушту.
Жолугушууга шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, жашоочулар тарабынан бир катар көйгөйлү маселелер айтылды. Шаар мэри элдин суроолоруна жооп берип, 2023-жылы аткарылган жумуштар боюнча маалымат берди. Ошондой эле, айтылган көйгөйлөр боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берип, элдин көйгөйүн чече албаган жетекчилер кызматтан кетээрин эскертти.
Белгилей кетсек, мэрдин эл менен жолугушуусу эртең, Достук аймактык башкармалыгындагы 8-мектепте, саат 17:00дө башталат. Ал эми 15-мартта Ч. Айтматов аймактык башкаруусундагы эл менен жолугушуу 6-мектепте, саат 17:00дө болот.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз