23 ноябрь 2023
Кароолор: (52)
МЭРДИН ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ СПУТНИК АЙМАКТЫК БАШКАРМАЛЫГЫНДА УЛАНДЫ

22-ноябрда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Спутник аймактык башкаруусунун жашоочулары менен жолугушту.
Жолугушууга шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, жашоочулар тарабынан бир катар көйгөйлү маселелер айтылды. Шаар мэри элдин суроолоруна жооп берип, тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди. Ошондой эле, шаарда келерки жылы аткарыла турган иштер боюнча маалымат берип, элдердин сунуштарын укту.
Белгилей кетсек, мэрдин эл менен жолугушуусу эртең, Достук аймактык башкармалыгындагы 5-мектепте, саа 18:00дө башталат. Ал эми 24-ноябрда Ч. Айтматов аймактык башкаруусундагы эл менен жолугушуу 7-мектепте, саат 17:00дө башталат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз