13 март 2024

Кароолор: (55)

МЭРДИН ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ КУРМАНБЕК АЙМАКТЫК БАШКАРУУСУНДА ӨТТҮ

 Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Курманбек аймактык башкаруусунун жашоочулары менен жолугушту. Жолугушууга шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, жашоочулар тарабынан бир катар көйгөйлүү маселелер айтылып, ошол эле учурда шаардагы жасалып жаткан иштерге ыраазычылыктар айтылды.

Шаар мэри элдин суроолоруна жооп берип, тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди. Ошондой эле, алдыда жасалуучу жумуштар боюнча да учкай токтолду.

 Белгилей кетсек, мэрдин эл менен жолугушуусу алдыда Спутник, Достук жана Ч.Айтматов аймактык башкарууларында өткөрүлөт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз