02 февраль 2023

Кароолор: (87)

Мэрдин биринчи орун басары дайындалды

    Бүгүн, 2-февралда Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары болуп, Иманалиев Кубанычбек Бактыбекович дайындалды. Жаңы жетекчини Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков эмгек жамаатка тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.

 Билими: Жогорку.

2005-2010-жылдары Бишкек Экономика жана Финансы Академиясын аяктаган.

Адистиги: финансылык менеджмент

Эмгек жолу: 2011-2012-жылдар ЖЧК “IPF”

2012-2013-жылдар Биринчи Май райондук казына башкармалыгы – жетектөөчү адис;

2013-2015-жылдар Биринчи Май райондук казына башкармалыгы – башкы адис;

2015-2019-жылдар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички аудит жана бухгалтердик эсептин методологиясы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

2019-2021-жылдар КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын финансы бөлүмүндө эксперт.

2021-жылдан ушул күнгө чейин КРнын Президентинин Администрациясында Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүндө эксперт.

 Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Сатаров Нурбек Бейшеналиевич өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган болчу.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз