18 апрель 2025

Кароолор: (27)

МЭР З.НУРМАТОВА АТЫНДАГЫ КЫЗДАР ЛИЦЕЙИНИН ОКУУЧУЛАРЫНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРДИ

 Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Зуура Нурматова атындагы Жалал-Абад кыздар лицейинин 9-10-класстарынын окуучуларына элди ынтымакка, биримдикке чакырып, кайрымдуулук ишке салым кошкондуктары үчүн ыраазычылык баракчасын тапшырды. Шаар мэри жаштардын мындай аракети башкаларга үлгү экендигин белгилеп, окуучуларга жана аларга тарбия берген ата-энелерине, мугалимдерине да ыраазычылыгын билдирди.

 Эске салсак, аталаган лицейдин 9-10-классынын окуучулары жүлүн булчуңдарынын атрофиясы (СМА II тип) менен жабыркаган Аймээрим аттуу кыздын дарылануусуна каражат жыйнашкан.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз