15 август 2024

Кароолор: (85)

МЭР ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРДИН ШАЙЛООСУНА КИРГИЗИЛИП ЖАТКАН ӨЗГӨРТҮҮЛӨР БОЮНЧА ТИЙИШТҮҮ КЫЗМАТТАР МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Бүгүн, 15-август  күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков БШКнын аймактык шайлоо комиссиясынын жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Анда Административдик-аймактык реформанын алкагында “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" Кыргыз республикасынын мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча маалымат берилди.

 Президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңештердин шайлоо босогосу 7%дан 5%га төмөндөтүлүп, шайлоого катышкан партиялардын талапкерлеринин саны жергиликтүү кеңештердеги мандаттардын санынан ашпашы керек.

 Эске салсак, буга чейин партиялардын талапкерлеринин саны жергиликтүү кеңештердеги мандаттардан бир жарым эсеге көп болуп келген.

 Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоо ушул жылдын ноябрь айында өзгөртүүлөр киргизилген мыйзам менен өткөрүлөт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз