27 февраль 2025
Кароолор: (105)
МЭР ЖАШТАР МЕНЕН ЖОЛУГУП, АЛАРДЫН СУРОО-СУНУШТАРЫН УКТУ

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаардагы жогорку, орто окуу жайлардын активдүү студенттери, мектептердин жогорку класстарынын окуучулары жана активист жаштар менен жолугушуу өткөрдү. Ага мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча кеңешинин төрагасы Бекмамат Арстанбековда катышты.
Жолугушууда Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаарында аткарылып жаткан жумуштар боюнча учкай маалымат берип, жаштарга жаратылып жаткан мүмкүнчүлүктөргө токтолду.
Андан соң жолугушуу суроо-жооп иретинде улантылып, жаштар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышып, шаарды өнүктүрүүгө багытталган, жаштарга зарыл болгон шарттарды түзүү жаатында бир катар сунуштарын айтышты.
Шаар мэри билимдүү жаштар - өлкөнүн келечеги экендигин баса белгилеп, алар тарабынан айтылган мыкты сунуштарды колдоого ала турганын билдирди. Ошондой эле, тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз