13 март 2023

Кароолор: (53)

Мэр Жалал-Абад шаарын көрктөндүрүү боюнча жыйын өткөрдү

Жыйынга Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин орун басарлары, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, экологдор катышты. Анда “Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында шаарга тигилүүчү бак-дарактардын көчөттөрүн туура тандоо, туура отургузуу жана кам көрүү боюнча маселелер талкууланды.

 Шаар мэри экологдорду мэриянын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасына көмөктөшүүгө чакырды.

 Белгилей кетсек, “Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында быйыл, 2023-жылы Жалал-Абад шаарына жергиликтүү бюджеттен 4475 даана бак-дарактардын көчөтү тигилет

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз