06 апрель 2023
Кароолор: (52)
Мэр Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыктын жашоочулары менен жолукту

Бүгүн, 5-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Т.Тайгараев аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолукту. Жолугушууга мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, шаардын прокурорунун орун басары Мирлан Токсонбаев, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Айбек Батыров, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү жашоочулар катышты.
Анда жергиликтүүлөр тарабынан жерлерди мыйзамсыз ээлеп алуулар, жаңы асфальт заводунан чыккан ыш, бала бакча тартыштыгы, ички жолдорду асфальттоо, кооптуу аймакта жашаган Тоо-Кызыл-Суу айылынын жашоочуларын көчүрүү, таза суу тартыштыгы сыяктуу көйгөйлөр айтылды.
Шаар мэри Эрнисбек Ормоков айтылган суроолорго жеринде жооп берип, тийиштүү жетекчилерге протоколдук тапшырмаларды берди. Алардын аткарылышы боюнча алдыда элге кайрадан отчёт бериле турганын убада кылды.
Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар алдыда шаардын башка аймактык башкармалыктарында уланат.