20 февраль 2023
Кароолор: (38)
Мэр тийиштүү жетекчилер менен шаар көчөлөрүн кыдырып, жеринде тапшырмаларды берди
Бүгүн, 18-февраль күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тийиштүү жетекчилер менен бирге шаардын Курманбек жана Достук аймактык башкармалыктарын кыдырды. Анда 2023-жылы аткарыла турган иштер менен жеринде таанышып, жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилди. Ошондой эле көчөлөрдүн, тротуар, темир-бетон арыктардын, турак жайлардын, соода жайлардын алдыларынын тазалыгын кароо, көрктөндүрүү жаатында жетекчилерге талаптар коюлду.
Шаар мэри Эрнисбек Ормоков элге ыңгайлуу шарт түзүү, калаадагы коммуналдык көйгөйлөрдү өз учурунда чечүү үчүн, жетекчилер ишемби жана жекшемби күндөрү да иштөөсү керектигин белгиледи.
Алдыда мындай кыдыруу шаардын башка да аймактык башкармалыктарында улантылат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз



