01 март 2023

Кароолор: (208)

Мэр таң эрте кыдыруусун Спутник аймактык башкаруусунан улантты

 Бүгүн, 1-март күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тийиштүү жетекчилер менен шаардын Спутник аймактык башкармалыгын кыдырды. Анда шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү маселеси, мыйзамсыз курулуштар жана элге ыңгайсыздык жараткан жагдайлар боюнча жетекчилерге жеринде тапшырмалар берилди.

 Шаар башчысы айтылган протоколдук тапшырмалар жеке көзөмөлүндө болоорун белгилеп, тапшырмаларды мөөнөтүнөн кечиктирбей бүткөрүүнү эскертти.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз