12 декабрь 2024

Кароолор: (178)

МЭР СУМО КҮРӨШҮ БОЮНЧА ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ

 

 Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Москва шаарында өткөн сумо күрөшү боюнча эл аралык турнирде ийгилик жараткан спортчуларды жана машыктыруучуларды куттуктады.

 Эрнисбек Ормоков спорттун бул түрү Жалал-Абад шаарында соңку жылдары өнүгүп жатканын айтып, шаар бийлиги спорттун кайсыл гана түрүн болбосун ар дайым колдоп келээрин билдирди. Ошондой эле, ийгилик жаратып, Кыргызстандын желегин желбиреткен спортчулар шаардын гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн сыймыгы экенин белгиледи.

 Аталган тунирге Жалал-Абад шаарынан 4 спортчу катышып, Даткайым Уланбек кызы 55 кг салмакта 3-орунду, Гүлоза Кожошева 80 кг салмакта командалык эсепте 3-орунду, Дилбара Раимжанова 50 кг салмакта командалык эсепте 3-орунду, Надырбек Руссиев +115 кг салмакта командалык эсепте 2-орунду багындырган. Жогорудагы спортчуларды Алмаз Эргешов машыктырып келет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз