16 март 2023
Кароолор: (52)
Мэр Строительная көчөсүнүн жашоочулары менен жолугушту

Бүгүн, 16-март күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаардын Достук аймактык башкармалыгындагы Строительная көчөсүнүн жашоочулары менен жолугушту. Эрнисбек Ормоков аталган көчөдөгү турак жайлардын жашоочуларына эскилиги жеткен үйлөрүн бузуп, ордуна курулуш компаниялар аркылуу заманбап көп кабаттуу үйлөрдү курдуруп берүүнү сунуштады.
Ошондой эле архитектура жана “Кадастр” мекемелеринин жетекчилерине бул багытта иш алып баруу тапшырмасын берди.
Шаар мэринин бул демилгеси ишке ашса, мындагы жашоочулар коопсуз, заманбап турак жайларга ээ болуп, шаардын көркүн бузган жана эскилиги жеткен турак жайлардын саны бир топ кыскарат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз