25 май 2024
Кароолор: (61)
МЭР ШААРГА ЖАҢЫДАН КОШУЛГАН ГЮЛЬСТАН АЙЫЛЫНЫН ЖАШООЧУЛАРЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮН УКТУ

24-май күнү, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков админстративдик-аймактык реформанын алкагында шаарга жаңыдан кошулган Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын Гюльстан айылынын жашоочулары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту.
Жолугушууда жашоочулар тарабынан бир катар социалдык, коммуналдык көйгөйлөр айтылып, аларды чечүү боюнча жеринде жетекчилерге тапшырмалар берилди.
Шаар мэри жаңы кошулган айылдардын тургундары менен бат-баттан жолугушууларды өткөрүп турарын белгиледи.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз