31 март 2025
Кароолор: (64)
МЭР ШААРДЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ САЛЫМ КОШКОН ЖАНА КАЙРЫМДУУЛУК ИШТЕРГЕ АКТИВДҮҮ КАТЫШКАН ИШКЕРЛЕРДИ СЫЙЛАДЫ

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков ооруга чалдыгып, коомчулуктун колдоосуна муктаж болгон жаш жеткинчектер Хамза, Аслан жана Байханды дарылоо үчүн акча каражатын топтоого зор салым кошкон “Баха-777” автосалонунун негиздөөчүлөрү Бахтияр Торобаев, Дамирбек Кубанычбеков жана Айбек Жолдошевдерди кабыл алып, Ардак грамота ташырды.
Шаар мэри элди ынтымакка, биримдикке чакыруу менен бирге кайрымдуулук ишке салым кошкон ишкерлерге ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз