10 май 2024

Кароолор: (59)

МЭР ШААРДАГЫ ЖАЛГЫЗ КОНЦЛАГЕР ТУТКУНУНА ЖАНА УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН АРДАГЕРЛЕРИНИН ЖЕСИРЛЕРИНЕ МАЙРАМДЫК БЕЛЕКТЕРДИ ТАПШЫРДЫ

 8-май күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, маркум Сафин Гаффандын жубайы Ханифа энеден кабар алып, Улуу жеңиш майрамынын 79 жылдыгы менен куттуктап, белек тапшырды.

 Эске салсак, шаардагы жалгыз Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сафин Гаффан ушул жылдын 25-март күнү 99 жашында дүйнө салган.

 Шаар мэри Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин, анын ичинде Сафин Гаффандын эрдиги эч качан унутулбай тургандыгын белгиледи.

 Ошондой эле, шаар башчысы калаадагы жалгыз концлагер туткуну Валинтина Симоненкону да жеңиш майрмы куттуктап, жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 15 миң сом жана Президент тарабынан берилген 100 миң сомду тапшырып, майрамы менен куттуктады.

 Валентина Симоненко 1943-жылы 3 жашында ата-энеси менен Литвада туткунга түшкөн. Учурда ал 84 жашта.

 Белгилей кетсек, эртең, 9-май күнү, саат 10:00дө Жалал-Абад шаарындагы "Жеңиш" эс алуу багында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 79 жылдыгы белгиленет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз