04 август 2023

Кароолор: (82)

Мэр Россия Федерациясынын Оштогу генералдык консулунун орун басары Дмитрий Аврам менен жолугушту

3-августта Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Россия Федерациясынын Оштогу генералдык консулунун орун басары Дмитрий Аврам менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу маселелери, анын ичинде билим берүү, маданият, экономика жана туризм багытында пикир алмашуу орун алды. Эки өлкөнүн алакаларын бекемдөө максатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда биргеликте иш алып баруу башкы максаттардын бири экендиги айтылды.

 Андан соң, Жалал-Абад шаарында 9-май - Жеңиш майрамына карта өткөрүлгөн “Өчпөс от” иш-чарасын уюштурууда кошкон салымы үчүн шаар мэрине Ыраазычылык баракчасын тапшырды.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында Орусиянын колдоосу аркылуу мектеп курулаары пландалууда.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз