17 июль 2025

Кароолор: (14)

МЭР ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮ МЕНЕН КУРУЛУШТАРДЫ КЫДЫРДЫ

 16-июль күнү, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев менен Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаардагы бир катар курулуштардын жүрүшү менен таанышты.

 Облус жана шаар жетекчилери "Асман резиденс-2", Асман резиденс-3" ипотекалык турак жай комплекстеринин, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, мэриянын жаңы имаратынын жана борбордук аянттын курулуш иштеринин жүрүшүн, бокс академиясынын курулушу жана Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинин реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн, облустук көркөм сүрөт жатак-мектебинин, "Мурас Юнайтед" футболдук клубунун окуу-машыгуу жайынын курулуш иштеринин жүрүшүн текшерип, куруучуларга жана тиешелүү жетекчилерге курулуштардын сапатына көңүл буруу менен белгиленген мөөнөтүндө бүткөрүү тапшырмасын беришти.

 Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгы Жалал-Абадда белгиленет. Ага карата облус боюнча 34 объекттин ачылышы күтүлүүдө. Ал тизмеде жогорудагы курулуштар да бар.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз