11 июнь 2025

Кароолор: (44)

МЭР ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮ МЕНЕН КУРУЛУШТАРДЫ КЫДЫРДЫ

 10-июнь күнү, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев менен Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаардагы бир катар курулуштардын жүрүшү менен таанышты.

 Алгач, облус жана шаар жетекчилери №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратынын курулушу менен таанышып, андан ары Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, мэриянын жаңы имаратынын жана борбордук аянттын курулуш иштеринин жүрүшүн жеринде көрүштү.

 Андан соң, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан турак жайлардын курулушу, бокс академиясынын курулушу жана Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинин реконструкциялоо иштерин көрүштү. Кыдыруу учурунда куруучуларга жана тиешелүү жетекчилерге курулуштардын сапатына көңүл буруу менен белгиленген мөөнөтүндө бүткөрүү тапшырмасы берилди.

 Белгилей кетсек, аталган курулуштар Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгы Жалал-Абадда белгиленет. Анын алкагында облус боюнча 34 объекттин ачылышы күтүлүүдө. Ал тизмеде жогорудагы курулуштар да бар.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз